23-июнда Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00дө \"Интерактивдүү контент түзүүнүн маанилүүлүгү. \"Playbuzz\" онлайн-платформасында иштөө ыкмалары” деген темада вебинар өтөт.
\"Playbuzz\" – медиа өкүлдөрүнө тест, сурамжылоо, добуш берүү, слайдшоу, сүрөттүү тизмелер сыяктуу интерактивдик контент түзүүгө мүмкүнчүлүк берген уникалдуу жана жөнөкөй сервис. Мындай өңүттөгү материалдарды даярдоо эмне үчүн керек? Күнүмдүк жаңылыктарды сунуштаган интернет басылмалар азыр абдан көп. Анын үстүнө андай маалыматтар менен окурманды тартуу кыйын. Контентти бир аз өзгөчөлөнтүп, ар кандай темада викторина же тест сунуштап көрсөңүз, ал вирус сыяктуу бат тарап, сайтка адамдарды ээрчитип келе берет.
\"Playbuzz\" сервисин кантип колдонобуз? Бул платформада кандай багыттагы материалдарды даярдаса болот? Биздин акысыз вебинарда ушул жана башка суроолорго жооп бергенге аракет кылабыз.
Вебинарды “Ынтымак” КРТРКнын маалыматтык программаларынын башкы редактору, журналист Акылбек Орозматов өтөт. Ал Алматыда өткөн онлайн-сервистерди колдонуу боюнча тренингдин катышуучусу.
Yntymak.kg - \"Playbuzz\" жана башка ушул өңүттөгү сервистерди активдүү колдонгон Кыргызстандагы бирден -бир сайт. Бул платформада “Ынтымак” даярдаган материалдар “Мейкин Азия онлайн” жана башка басылмаларга да чыгып турат.