24-мартта
Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00, ал эми Душанбе убактысы боюнча саат
16:00дө «Сайтта жана Facebook тармагында окурмандарды тартуу үчүн кандай видеоконтент
жасаш керек» деген темада эксклюзивдүү вебинар өтөт.
Дүйнөдөгү эң кеңири жайылган Facebook тармагы өз колдонуучуларынын эмнеге кызыгып, эмнеге көңүлү тартпай турганына байкоо жүргүзүп, алардын ыңгайына жараша мазмунду көрсөтүп тураары менен белгилүү.
Kloop.kg редакциясы өз тажрыйбасында да Facebook тармагындагы кыскача тартылып жайгаштырылган видеонун сайттагы, же YouTube видео сервисиндеги видеого караганда көбүрөөк аудиторияны өзүнө тартканын байкаган.
Facebook алгоритмдери кандай иштейт? Андагы видеонун орду кандай? Биздин акысыз вебинарда ушул жана башка суроолордун жообун бергенге аракет кылабыз.
Вебинарды Kloop.kgнин кыргыз кызматынын редактору Элмурат Аширалиев алып барат. Ал журналистика жана медиадагы мобилдик технологиялар багытында тренингдерди өткөрүү тажрыйбасына ээ. Kloop.kg өзүнүн журналистика мектеби жана анда билим алган жаш журналисттери тарабынан даярдалган бейтарап жана талкуу жараткан макалалары менен белгилүү. Акыркы бир жылда Kloop.kg өз сайтында түз видео көрсөтүүлөрдү, коомдук тармактарга жана сайтка ылайыкталып даярдалган видеорепортаждарды чыгарып келүүдө.