13-майда Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00 “ТВ жана онлайн үчүн журналисттик иликтөө жасоонун өзгөчөлүктөрү” деген темада вебинар өтөт.
Иликтөө – журналистикадагы эң татаал жанрлардын бири. Журналисттик иликтөө фактыларды, далилдерди талап кылат. Ишенимдүү, суроо жаратпаган маалыматтарга жетүү оңойго турбайт. Биринчиден, көп убакыт, экинчиден, талыкпаган мээнет талап кылынат. Өзгөчө ТВ жана онлайн үчүн жасалган иликтөөлөрдө табылган маалыматтардын бардыгын видео аркылуу көрөрманга түшүнүктүү кылып жеткирүү зарыл. Журналисттик иликтөөнүн өзгөчөлүктөрү эмнеде? Коомдук пикир жаратып, саясий абалга таасир этүүчү курч иликтөөлөр кантип жасалат? Мына ушул жана башка суроолорго биздин вебинардан жооп табасыз
Вебинарды “Азаттыктын”
теле-радио журналисти Уланбек Эгизбаев өткөрөт. Автордун “Ыңгайсыз суроолор”
программасы КТРК аркылуу көрсөтүлуп келет. Аталган программада өлкөдөгү
коррупциялык схемалар, аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттери боюнча бир катар
резонанс жараткан темалар козголгон. Маселен, Темир Сариевдин кызматтан
кетишине негизги себеп болгон “Балыкчы – Корумду” жол курулушундагы мыйзам
бузуулар да алгач “Ыңгайсыз суроолор” аркылуу коомчулукка жеткен.