Радиопакетти кантип кызыктуу жасаш керек

26/02/2016 «Радиопакетти кантип кызыктуу жасаш керек» деген темада эксклюзивдүү вебинар өтөт.

26/02/2016 саат Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00, ал эми Душанбе убактысы боюнча саат 16:00 дө  «Радиопакетти кантип кызыктуу жасаш керек» деген темада эксклюзивдүү вебинар өтөт.

 

Пакеттер жандуу жана кызыктуу болуп, угуучуларды өзүнө тарткан жанр экенин Би-Би-Синин көп жылдык таржрыйбасы далилдеп турат.

Биздин акысыз вебинарда сиздер радиопакетти кызыктуу кылып даярдаштын эрежелерин жана ыкмаларын үйрөнөсүз. Биз сизге аны Би-Би-Синин иш тажрыйбасындагы эң мыкты радиопакеттердин мисалында көрсөтүп беребиз.

 

Вебинарды Би-Би-Синин кыргыз кызматынын редактору Кубат Чекиров алып барат. Ал өзүнүн ар кандай темадагы радиоматериалдары менен Би-Би-Синин, ПРООНдун, Кыргыз Өкмөтүнүн  журналистика боюнча сыйлыктарына ээ болгон.