14-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө “Журналисттик иликтөө: жанрдын өзгөчөлүгү, ТВ жана онлайн ММКларындагы иликтөөнүн айырмачылыктары. Гипотеза деген эмне?» темасында вебинар өткөрүлөт.
Журналисттик иликтөө - Кыргызстанда жаңыдан телчигип келе жаткан жанрлардын бири. Ошентсе да бүгүнкү медиа рынокто бул жанрдагы журналисттик эмгектерге талап күч. Бир сүйлөм менен аныктай турган болсок иликтөө – бул журналисттин маанилүү темада өз алдынча жазган оригиналдуу эмгеги жана эреже катары ал материалдын ачыкка чыгышы кайсы бир уюм же адамдардын кызыкчылыгына туура келбейт. Бул аныктама “Ньюс дэй” гезитинин мурунку редакторунун орун басары Роберт Гринге таандык жана ал таамай берилген.
Иликтөө жүргузүүдө журналисттер негизги деп эсептелген беш (ким?, эмне?, качан?, кайда?, эмнеге?) суроолорунан тышкары өзүнө кошумча суроолорго жооп издөөгө мажбур. Ал кайсы суроолор?
Иликтөөну эмнеден башташ керек? Темаларды кайдан алса болот? Иликтөөдөгү алдын ала божомол – гипотеза деген эмне? Аны кантип башында эле туура аныктап алуу керек? Сапаттуу журналисттик иликтөө жүргүзүү үчүн алдын ала ушул суроолорго жооп таап алуу ишти алда канча жеңилдетет.
Вебинарды IWPRдын Кыргызстандагы кеңсесинин фрилансери, ON1 каналынын мурунку баш редактору, “Азаттык Медиа” ишканасынын мурунку журналисти, Журналисттик иликтөө боюнча медиатренер Элеонора Сагындык кызы украиналык тренер Олег Хоменоктун шакирти катары, анын материалдарынын негизинде алып барат.