Описание
24-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө “Журналисттик иликтөөнүн этаптары: Иш-бөлмөдөн чыкпаган жана талаалык” аталышта вебинар өткөрүлөт.
Иликтөө темасын аныктап, гипотезаны өзүңүзгө туура аныктап алгандан кийин журналисттик иликтөөгө кирише баштайсыз. Бул жерде маанилүүсү ишти туура бөлүштүрүп, алгач эмнеден баштайсыз анан бара-бара кандай иштерге өтөсүз? Аныктап алганыңыз дурус. Бул убакытты үнөмдөгөнгө жардам берет. Кантип план тузүш керек? Кабинеттен чыкпай кандай иштерди бүтүрсө болот?
Талаа этабында маалымат булагы болгон адамдардан интервью алып, изилдеп жаткан объектке барып байкоо салса болот. Маалымат булагы катары адамдарды кандай категорияларга бөлсө болот? Документтер менен иш алып барууда эмнелерге көңүл буруу керек? Маалыматты кандай ирээт менен чогултуу керек? Кандай ыкмалар бар?
Вебинарда атайын иш-пландар түзүү шаблону жана кантип маалыматтык сурам жазуу керек кеңештер берилет.
Вебинарды IWPRдын Кыргызстандагы кеңсесинин фрилансери, ON1 каналынын мурунку башкы редактору, “Азаттык Медиа” ишканасынын мурунку журналисти, Журналисттик иликтөө боюнча медиатренер Элеонора Сагындык кызы украиналык тренер Олег Хоменоктун шакирти катары, анын материалдарынын негизинде алып барат.
Расписание
Комментарии
0