28- февральда Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө «Коомдук жана журналисттик иликтоону даярдап жаткандагы укуктук айрым рисктер жонундо» деген темада кыргыз тилинде вебинар өтөт.
Өзүңүздүн кесибиңизде юридикалык жактан сабаттуу болууну каалайсызбы? Иликтөөлөрдү жүргүзүүдө ММКларга (редакцияга, журналистке, блогерге) же БӨУга эмне коркунуч жаратат? Укуктук тобокелдиктерди кантип алдын алууга же азайтууга мүмкүн?
Вебинарда кандай укуктук тобокелдиктер бар экени каралат:
- Укук бузуучуга карата колдонулган жоопкерчиликтин түрлөрү;
- Маалыматты ачыкка чыгарбоо учурлары;
- Мыйзам бузуудан сактануу;
- Тобокелдикти аныктоо үчүн материалды анализдөө.
Вебинарды «Айкындуулук жана жоопкердүүлуккө медиа жана жарандык коомдун катышуусу» долбоорунун юристи Азамат Талантбек уулу алып барат. Ал юриспруденция, адам укуктары, жарандык коом жана медиа укук багытындагы тренингдерди өткөрүү тажрыйбасына ээ.