17-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 “SMM-жүргүзүү: Интернеттеги социалдык медиа” деген темада вебинар өткөрүлөт.
“SMM-жүргүзүү” деген социалдык тармактарда (социалдык медиада) маалымат алмашууну, уюштурууну башкаруу жана алдыга жылдыруу деп жалпылап айтсак болот. Учурда дүйнө боюнча миллиондогон компаниялар (жеке адамдар) өз маалыматын (продуктусун, товарын, атын, брэндин ) соцтармактар аркылуу өз аудиториясына жеткирүү менен алектенет.
Социалдык тармактардын колдонуучулары дүйнөдө анын ичинде Кыргызстанда өтө тездик менен өсүп жаткан мезгилде салттуу маалымат булактарынын(кагаз гезит, сайт, телерадио каналдар) кардарлары менен түз байланышы азайып баратканын байкасак болот.
Кыргызстандыктардын 40 эли мобилдик интернетти колдонуп турганда маалыматтыңызды таратууга, кардарды сайтыңызга (радиоңузга, ТВга, гезитке) тартууну социалдык тармактар аркылуу кантип жүргүзсө болот. Бул вебинарда биз ошондой эле социалдык тармактын жарандык журналистикага тийгизген таасири тууралуу да сөз кылабыз. Мисалдар көбүнчө “фейсбук” соцтармагы тууралуу болот.
Вебинарды медиа-тренер, “Азаттык Медиа” ишканасынын журналисти, SMM боюнча тренер Сабыр Абдумомунов алып барат.
“Азаттык” радиосунун фейсбуктагы баракчалары учурда Кыргызстандагы жазылган адамдары эң көп баракча болуп эсептелинет.