23-декабрда Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00дө "Лонгрид жасоо үчүн tilda.cc сервиси менен иштөөдөгү техникалык өзгөчөлүктөр” деген темада кыргыз тилинде вебинар өтөт.
Жаңы технология, интернет сайттардын өнүгүүсү менен маалыматтардын ушунчалык көптүгүнөн чоң көлөмдөгү материалды онлайн басылмаларга чыгаруу окурманды өзүнө тартпай калды.
Бирок мультимедианы кеңири колдонуу менен жасалган узун формадагы материалдар азыр заманбап ММКда көбүрөөк кездеше баштады. Алар окурманды маанилүү жана комплекстүү сюжеттерге тарттууга жана “табигый” жарнама үчүн кеңири колдонулат.
Лонгрид жасоодогу эң популярдуу сервистердин бири - tilda.cc. Тильда дизайн жөнүндө акыркы түшүнүктөрдү өзгөртөт. Бул сервисте кантип иштөөгө болот? Тильдада кайсы инструменттер жеткиликтүү жана алардын техникалык өзгөчөлүктөрү? Лонгрид жасоого белсенген журналист кандай билим, ыкмаларды билиши керек? Биздин акысыз вебинарда ушул жана башка суроолорго жооп ала аласыздар.
Вебинарды “Ынтымак” Media Groupтун программалык директору, журналист Акылбек Орозматов өтөт.
Yntymak.kg лонгрид жана башка ушул өңүттөгү сервистерди активдүү колдонгон Кыргызстандагы бирден -бир сайт. Бул платформада “Ынтымак” даярдаган материалдар “Мейкин Азия онлайн” жана башка басылмаларга да чыгып турат.