23-августта Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 \"Убакыт сызыгы” аталышындагы вебинар өткөрүлөт.
“Убакыт сызыгы” (TimeLine) – кандайдыр бир окуяларды хронологиялык тартипте мультимедиялык материал катары даярдоодо колдонулат. Ал – жөнөкөй текстти кызыктуу кылып окурмандарга жеткирүү жагы бир тап ыгайлуу. Анда фото, видео, карталарды эле эмес, кандайдыр бир материалдардын шилтемелерин да колдонууга болот. Интерактивдик контент түзүүгө мүмкүнчүлүк берген уникалдуу жана жөнөкөй сервис. Мындай өңүттөгү материалдарды даярдоо эмне үчүн керек?
Учурда күнүмдүк жаңылыктарды сунуштаган маалымат каражаттары абдан эле көп. Анын үстүнө андай маалыматтар менен окурманды тартуу да бир топ кыйын. “Убакыт сызыгы” менен окурмандарды кызыктырууга болот. Кантип?
\"Убакыт сызыгы\" сервисин кантип колдонобуз? Бул платформада кандай багыттагы материалдарды даярдаса болот? Биз, акысыз вебинарда, ушул жана башка суроолорго жооп бергенге аракет кылабыз.
Вебинарды “Ынтымак” Media Groupтун алдында түзүлгөн “Медиа мектептин” директору, журналист Асанбек Каракозуев өтөт. Ал Алматыда өткөн онлайн-сервистерди колдонуу боюнча тренингдин катышуучусу.
www.yntymak.kg – “Убакыт сызыгы” (TimeLine), \"Playbuzz\", Storify, Инфографика сыяктуу жана башка ушул өңүттөгү сервистерди активдүү колдонгон Кыргызстандагы бирден-бир сайт. Бул платформада “Ынтымак” Media Group даярдаган материалдар “Open Asia” жана башка басылмаларга да чыгып турат.